Өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши бүгүн каралууда.

Сот Аскаровдун кошуналарынан сурак алды. Алардын арасындагы Гүлүмжан Осмонованын айтымында, ал анын үйүнүн жанынан 100 метр алыстыкта жашайт. 2010-жылдын 13-июнунда Аскаровду үйүнөн көрбөгөнүн айтты.

Ошол эле учурда дагы бир кошунасы Фаридохан Акбарова Аскаров чымынды да таарынтпай турганын айтты.

«Мен өз демилгем менен сотко келдим. Буга чейин бир дагы сотуна катышкан эмесми «, — деди ал.

12-июлда Жогорку Сот 2010-жылдын июнь айында “улут аралык жаңжалды козуткан”деп соттолгон Азимжан Аскаровдун ишин Чүй облустук сотуна жөнөткөн.

Быйыл апрелде БУУнун адам укуктары боюнча комитети Кыргызстанды Аскаровду абактан бошотуп, сот өкүмүн жокко чыгарууга чакырган.

 

Бөлүшүү