Көчмөндөр оюндары учурунда тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча штабынын жыйыны болду.

Жыйынга укук коргоо органдарынын жана тийиштүү министрликтердин жетекчилери катышты.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков коопсуздукту камсыз кылууда укук коргоо органы жооптуу экенине токтолду.

Ал эми ички иштер министри Кашкар Жунушалиев тартипти сактоо үчүн 4 миң милиция кызматкери, ошондой эле 2 миң авто унаасы тартыла турганын айтты.

Мындан тышкары, Жеңиш Разаков “Манас”, “Тамчы” аэропортунда дагы коопсуздук сакталуусу зарыл экенин кошумчалады.

Бөлүшүү