Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети көп батирлүү турак жайларды ижарага берүү тартибин ыраатташтырууга багытталган «КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамынын долбоорун жактырды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси – депутат Кожобек Рыспаев.

Демилгечи көп батирлүү турак жайларды ижарага берүү көйгөйлөрүн жөнгө салуу маселеси эбак эле бышып жетилгенин, оор кылмыштар болуп жатканын, ошондон улам ушул мыйзам долбоору иштелип чыкканын белгиледи. «Мыйзам долбоорунда көп батирлүү турак жайларды өз багытынан башка максатта ижарага берүү жосунун тартипке салуу, тагыраак атсак, баардык жактардын жоопкерчилигин жогорулатуу менен, административдик айып өлчөмдөрүн көбөйтүү чаралары каралган», — дейт Кожобек Рыспаев.

Баяндамачынын айтымында, көп батирлүү турак жайларды өз багытынан башка максатта ижарага берген юридикалык жактарга 100 миӊ сомго, жеке жактарга 5 5-8 миӊ сомго, кызмат адамдарына 8-10 миӊ сомго чейин административдик айып салынмакчы. Депутаттардын келип түшкөн сунуштар талданып чыгып, алардын басымдуу бөлүгү эске алынган.

Эске салсак, мурдагы окуу жүрүшүндө бир катар депутаттар мыйзам долбоорун колдой тургандыгын билдирип, демилгечиге аны жакшыртуу, айып өлчөмүн дагы көтөрүү чараларын караштырып көрүү, коррупцияга бөгөт коюу сунуштары берилген.

Бөлүшүү