Алмазбек Атамбаев Астанада казак президенти Нурсултан Назарбаев менен бул маселе боюнча сүйлөштү.

“Нурсултан Назарбаев айыл чарба министрлигине атайын тапшырмаларды берди. Жакын арада маселе чечилет деп үмүттөнөбүз”, — деп журналисттерге президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков айтып берди.

Казакстан Кыргызстанда өстүрүлгөн картөшкөгө 4-майда тыюу салган. Коңшу өлкө бул кадамын жер-жемиште оорулар бар деп түшүндүргөн. Бирок кыргыз адистери анын себеби адаандаштыкта болушу мүмкүн деп эсептешүүдө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү

1 ПИКИР

Жооп калтырыңыз