Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Орусия өкмөтүнүн вице-премьер министри менен Байконур космодромун өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулады.  

Дмитрий Рогозин менен Назарбаев коргонуу жана куралдануу жаатында дагы пикир алышты.

Казак президентинин администрациясы билдиргендей, Назарбаев коргонуу өндүрүшү боюнча биргелешкен ишкана түзүү маселеси буга чейин талкууланганын, бул үчүн өзүнчө министрлик ачылганын айтты.

Орусия 2050-жылга чейин ижарага алган Байконур шаары жана Кызылордо облусундагы космодром бир комплекске кирет.

Казакстанда октябрдын башында коргонуу жана аэрокосмикалык өндүрүш боюнча министрлик түзүлгөн. Түштүк-Казакстан облусунун акими Бейбут Атамкулов ага жетекчи болуп дайындалган.

Бөлүшүү