2017-жылы өтө турган президенттик шайлоого кимдер аттанаары азырынча белгисиз болгону менен коом арасында ар кандай талкуулар болууда. Ошондуктан, азыркы учурдагы болжолдуу Атамбаевдин ордун басуучу төрт саясатчынын мүмкүнчүлүгүн карап көрдүк.

Бабановдун багы ачылабы?

Саясат таануучу Токтогул Какчекеевдин айтымында, Бабановдун өзүнүн партиясы болгондуктан, анын кийинки президент болууга мүмкүнчүлүгү жогору.

“Бабанов саясатта такшалган, жаш болгондуктан аны көпчүлүк колдойт. Бүгүнкү күндө төштү каккан адам президенттикке бара албайт. Ишти, акчанын эсебин, элдин курсагын кандай жол менен тойгузууну билген гана адам президенттикке бара алат”, — дейт К. Какчекеев.

Ал эми саясий серепчи Бакыт Бакетаев Бабановдон тараган партиялар парламентте отургандыктан, анын абдан көп мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.

“Бабановдон тараган “Кыргызстан”, “Бир бол”, “Өнүгүү” партиялары анын тегерегинде биригип кетиши мүмкүн. Бул үч партия тең парламентте. Мындан тышкары, анын саясий чөйрөдө тажрыйбасы бар. Ошондой эле Орусия, Казакстан менен жакшы мамиледе. Парламенттик шайлоодо өзүнүн партиясы менен эки жолу жеңишке жетти”, — дейт серепчи.

Ошол эле учурда  укук коргоочу, жарандык активист Качкын Булатов “президент болууга Бабановдун шансы аз” деп өзүнүн оюн айтат.

“Кээ бирөөлөр эле Бабановдун байлыгына карап, “акчасын алабыз” дебесе, көпчүлүк билимдүүлөр аны колдобойт. Ал өзүнүн талапкерлигин койгон күндө да эл ага карама-каршы туруп, шайлабай коюушу мүмкүн. Мисалы мен Бабановду кыргыз эли үчүн бир дагы пайдасын көргөн эмесмин. Өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн иштеп, кыргызды жакырчылыкка алып келгендердин бири”, — дейт укук коргоочу.

Темир Сариев саясатта аксап калдыбы?

Темир Сариев премьер-министр болуп иштегенде көптөгөн кемчиликтерди кетирген. Эң башкысы Балыкчы-Корумду жолун оңдоодогу чуу экенин саясий серепчи Бакыт Бакетаев айтып берди.

“Сариевден эл аябай көп нерсе күткөн, анткени ал революционер, эл менен кошо жүрүп, Бакиевдин бийлигине каршы чыккан. Бирок өкмөт башчы болуп элдин кыжырын келтирген. Евразиялык биримдикке кирип жатканда биздин сүт, эт, картөшкө бардыгы Орусияга экспорттолот деген эле. Тескерисинче, азыр бизге аталган азык-түлүктөр келип жатат. Ал премьер-министр болгондо маалымат майданда утулду”, — дейт Бакетаев.

Токтогул Какчекеев Темир Сариевдин өзүнүн “Ак шумкар” деген партиясы болгондуктан, президенттикке аттанууга мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.

Качкын Булатов болсо кыргыз эли Сариевди кечирбей турганын айтты.

“Мындайча айтканда, булганып калды. Балыкчы-Корумду жолун оңдоо боюнча өткөргөн тендери үчүн камалышы керек болчу. Орусиядан колдоо таап, камалбай жатат”, — дейт Булатов.

Ташиевдин кыялын таш каптыбы?

Токтогул Какчекеев Камчыбек Ташиевдин анчейин деле мүмкүнчүлүгү жок экенин кошумчалады.

“Регионалдык принцип менен жардам көрсөтүлбөсө, чоң мүмкүнчүлүгү жок”, -деди ал.

Ташиевди артка тарта турган нерсе Ак үйдүн дарбазасынан секиргени экенин Бакыт Бакетаев билдирди.

“Ташиевдин чоң минусу бул — дарбаза. “Маалымат заборунан” чыга алабы, билбейм. Болбосо патриоттулугу, көрөгөчтүгү, эл үчүн иштейм деген потенциалы бар. ММКда имидж боюнча күчтүү команда топтосо мүмүкүнчүлүгү бар”, — дейт Бакетаев.

Бешинчи президент Сегизбаевби?

Качкын Булатовдун билдирүүсүндө, Абдил Сегизбаев Акаевдин басма сөз катчысы болуп иштеп, журналисттерди басынткан.

“Журналисттердин оозун жаптыртып, муунткандардын бири. Азыр болсо Атамбаевдин жакын адамы. Ал эч качан демократ болгон эмес. Баягы авторитардык күч менен баса тургандардын адамы. Анын президент болууга такыр мүмкүнчүлүгү жок”, — дейт Булатов.

Бакыт Бакетаев болсо Сегизбаевди КСДП, президент колдосо күчтү талапкер боло турганын айтты.

P.S. Дагы башка президенттик шайлоого ат салышчу болжолду талапкерлердин мүмкүнчүлүгү тууралуу жазылат.

Бөлүшүү