1994-жылдан бери октябрь айында бүткүл дүйнөлүк мугалимдер күнү белгиленип келет (World Teaches’ Day). 

Кыргызстанда “Мугалимдер күнү” жыл сайын октябрдын биринчи дем алыш күнүндө белгиленет.

Статистикалык маалыматтар боюнча былтыркы окуу жылында өлкөдөгү 2222 жалпы билим берүү мекемелеринде 75 миң 529 мугалим эмгектенген жана алардын 84%га жакынын аялдар түзгөн. Ошондой эле 1 миң 186 мектепке чейинки уюмдарда 5 миң 693 тарбиялоочулар эмгектенип, алардын бешөө эркектер болгон.

52 жогорку окуу жайында 14 миң 233  мугалим иштеп, алардын 59%ын аялдар түзөт. Ал эми 130 орто окуу жайында 6 миң 725 мугалим эмгектенет, алардын 69%ын аялдар түзөт. Ошондой эле 101 баштапкы адистик оуу жайларында 3 миң 548 мугалим эмгектенип, алардын 49%дан көбүрөөгүн  аялдар түзөрүн статистикалык комитет билдирет.

Бөлүшүү