Эки жылдык убакыт аралыгында “Кумтөр Голд» компаниясы салык төлөөдө мыйзамдарды бузбаганы аныкталды.

Мамлекеттик салык кызматы Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы ири салык төлөөчү ишканаларды текшерип чыккан. Анын натыйжасында 2014-жылдын 1-январынан 2015-жылдын 31-декабрына чейин аталган компания тарабынан эреже бузуу фактылары катталган эмес.

“Кумтөр Голд» компаниясы ЖАК 2009-жылы кабыл алынган “Кумтөр” долбоорунун жаңы шарттарынын негизинде сөзсүз түрдөгү төлөмдөр менен салыктарды төлөп келет жана өлкөнүн ири салык төлөөчүсү болуп саналат.

Бөлүшүү