Курулуш ишканалары уруксат кагаздарын алууда кыйынчылыктарга,  жемкорлукка байланышкан көйгөйлөргө кабылышат.

Компаниялар жемкорлукка тушугуп жатышканын жана шарттардын түзүлбөгөнүнөн улам жабыркап жатышканын билдирип жыйын өткөрүштү.

“Галилео” курулуш компаниясынын өкүлү Азамат Жумашев Муниципалдык менчикти башкаруу кызматына кайрылып, тиешелүү жоопторду ала албай жатканын билдирди.

“Муниципалдык менчикти башкаруу кызматына 7 млн сом ижарага төлөшүбүз керек болчу. Бирок Бишкек шаарынын башкы архитектурасы уруксат кагазын бербей жаткандыктан, жер тилкесин иштете албай жатабыз. Бирок аталган ижара акысын беришибиз керек болгондуктан ММБга кайрылып жооп ала албай жатабыз”, — деди.

ЖКнын транспорт, коммуникация, курулуш жана архитектура комитетинин башчысы Марат Аманкулов болсо, «Акыркы жылдары курулуш  болуп көрбөгөндөй өнүгүп жатат, бул абдан жакшы. Канчалаган адамдар жумуш орду менен камсыз болууда. Өлкө бюджетине каражат түшүп жатат. Бирок ошого карабай кемчиликтер болбой койгон жок» деген оюн билдирди.

“Өкмөт тарабынан куруучуларга шарттар түзүлүшү керек. Анткени, курулуштардын генералдык планы жок. Деталдуу пландар жок, архитектуралык курулуш документтери жөнгө салынган эмес”, — деди.

Бөлүшүү