Кече кечинде Түркиянын Стамбул шаарындагы Ататүрк аэропортунда болгон жардырууда 36 адам өлүп, 147 адам жабыркаган. Бул окуядан кийин батыш өлкөлөрүнөн Түркияга көңүл айткан, теракты сындаган билдирүүлөр келүүдө.

«АКШ Стамбулдагы жардырууну айыптайт жана март айында Бельгиянын аэропортундагы болгон жардыруу менен байланышы бар деп эсептейт. Ошондой эле, АКШ курман болгондордун үй-бүлөсүнө көңүл айтат, ар дайым Түркия менен бирбиз», — деп билдирди Ак үйдүн басма сөз катчысы Жош Эрнест.

Ал эми Германия канцлери Ангела Меркель Белгиядагы Европа Кеңешенин жыйынынан соң билдирген кабарда Шенген жана ЕБ өлкөлөрү, өкмөт башчылары бул террорду айыптайбыз, биз ар дайым түрк эли менен биргебиз деп билдирген.

Андан сырткары Франция, Латвия, Испания, Иран, Катар, Индия жана башка өлкөлөрдөн Түркияны колдогон жана теракты айыптаган билдирүүлөр келүүдө.

Ошондой эле, АКШнын мамкатчысы, Евробиримдик башчысы, Еврокеңеш, НАТО жана башка бир нече уюмдар көңүл айтууда.

Ал эми түрк тилдүү мамлекеттери деп эсептелген Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан азырынча үн чыгара элек. Бир гана Азербайжан президенти Ильхам Алиев Түркиянын премьер-министри Бинал Йылдырымга телефон чалып, абал боюнча талкуулашты жана көңүл айтты.

Бул жардыруу коомчулукта кызуу талкууланып, дүйнө көңүлүн буруп жаткан Орусия менен Түркиянын мамилеси калыбына келип жаткан учурга туш келди. Бүгүн саат 12:00дө Путин менен Эрдогандын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү пландалган болчу. Балким, Орусия телефон сүйлөшүүдө көңүл айтат.

Түрк жетекчилери жардырууну ИШИМ жасады деп күнөлөшүүдө. Социалдык тармактарда да бул теракты ИШИМдин түзүлгөнүнүн 2 жылдыгына карата жасалды деген билдирүүлөр чыгууда. Эске салсак, «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу 2014-жылы июнь айынын аягында халифат түзгөндүгүн дүйнөгө жар салган эле. Буга чейин орун алып келген АКШ, Бельгия, Франциядагы жардырууларды ИШИМ жасагандыгын мойнуна алып келген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү

ПИКИР ЖОК

Жооп калтырыңыз