Бүгүн Биринчи май райондук сотунда башкы прокуратуранын тергөө бөлүмүнүн мурунку жетекчиси Кылычбек Арпачиевдин иши боюнча соттук жыйын уланды. 

Соттун төрагасы Абдразак Боромбаев Арпачиев 100 миң доллар пара алгандыгы үчүн 14 жыл эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарганын knews жазып чыкты. Ошондой эле мүлкү конфискацияланат.

Соттун чечимине ылайык, Арпачиев кызматынан кыянаттык менен пайдалануу беренесинен акталып, бирок пара алгандыгы үчүн айыпталды.

 

Бөлүшүү