Кыргызстанда гендердик теңдикти сактоо, тең укуктуу башкаруу, коомдогу, саясаттагы аялдардын ордун жогорулатуу деген чакырыктар байма-бай айтылып, ал тургай Жогорку Кеңеш да атайын мыйзам карап жатат.

Кыргыз элинин тарыхында аялзаты ар дайым урматталып, коомдо татыктуу орун ээлеп келген. Көптөгөн тарыхый маалыматтарда кыргыз аялдарынын ачык-айрымдуулугу, меймандостугу, эл башкаргандыгы, коомдук иштерге аралашкандыгы айтылат. ХIХ кылымда кыргыз жергесине келишкен европалык саякатчылар да кыргыз аялдары тууралуу жазып калтырышкан.

Казактын окмуштуусу Чокон Валиханов кыргыз аялдары ак көңүл экенин айткан экен.

«Аялдар күйөөлөрүнө таасир көргөзө алышат. Манаптардын аялдары эч кандай иш жасабайт. Ал гана эмес кембагалдарынын аялдары деле көп кыйналбайт», — деп Валиханов билдирген.
Ал эми 1896-жылы Ош, Алай, Памир кыргыздарында болуп кеткен италиялык саякатчы Феликс Рокко кыргыздардай аялдарын урматтаган эл аз кезиге турганын айткан.
«Алар эч качан жүзүн жаап, өзбек, тажик аялдарындай болуп басынышпайт. Тескерисинче, өз эркектери менен тең катар укукка ээ болушат. Үй-бүлө жана уруу маселелери чечилип жатканда аялдардын ою да сөзсүз эсепке алынат», — деп кошумчалаган.

Бул нерсени 1907-жылы Ошко келип, Курманжан датканын өмүр таржымалын изилдеген И. Ювачев да тастыктап жазган.

Ал эми тарыхтагы кыргыз аялдары тууралуу тарыхчы Кыяз Молдокасымов өз эмгегинде минтип белгилейт:

«Кыргыздарда илгертен дастандарда, элдик чыгармаларда аялзатынын даанышмандыгы, кара кылды как жарган калыстыгы, тапкычтыгы, айлакерлиги даңазага алынган. Андагы Кыз Сайкал, Каныкей, Айчүрөк, Акыл Карачач, Айганыш, Жаңыл Мырза сыяктуу кыргыз кыздарынын жандуу образы менен жаңы муун тарбияланган. Тарыхта урууга, аймактагы элге башчылык кылган кыргыз аялдарынын ысымдары көп кездешет. Ошондой эле ХIХ кылымда Кокон хандыгынын ордосунда зор таасирге ээ  болгон Жаркын айым, Зыяда датка, Таластагы Ажыбек датканын байбичеси Ак Суусар, Көлдө таланты менен таанылган Бурулча даңкы көп жерге жеткен Курманжан датка сыяктуу аял башкаруучулар болгон», — деп жазган.

Бул тарых экен эми азыркы коомдо кыргыз бийлигинде аялзатынын орду кандай?Гендердик теңсиздик маселеси КМШ өлкөлөрүнүн арасында анчалык деле көйгөйлүү эмес. Мисалы эң биринчи болуп КМШда аял президент Кыргызстанда болду. Жогорку Кеңеште бүгүнкү күндө 18 аял депутат болуп отурат.  Министирлер кабинетинде 3 аял, башкы прокурор, Жогорку соттун төрайымы, буга чейин да сот бийлигинде аялдар башкарып келген. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары аял.

Атын атагысы келбеген аялдар боюнча иштеген фонддун мүчөсү  saat.kgге берген маегинде Кыргызстанда башкаруу жаатында гендердик теңдик сакталыш керек деп эсептейт.

«Кыргызстандын негизги экономикасын жеңил өнөр жайы түзөт. Кийим тигүүнүн 90%, тамак аш өнөр жайынын 90%, тейлөөнүн 60%, базарда 80%,  миграциянын 50% аялдар түзөт. Бул тармактар Кыргызстандын негизги булагы. Ошондо жалпы эсептеп келгенде боюджеттин 70%дан көбүн аялдар толутруп жатат. Башкарууга келгенде жалаң эркектер. Ошондуктан башкарууда 50-50 пайыз сакталыш керек», — деди ал.

Ал эми жаш теолог, активист, коомдогу, диндеги эркектер менен аялдардын орду боюнча изилдеп жүргөн Азат Аманов гендердик теңдик маселеси бизге жат көрүнүш деп билдирди.

«БУУнун декаларациясында кабыл алынгандай гендердик теңдик ар бир өлкөдө сакталыш керек. Бирок биздин өлкөлдө аялдардын укугу бузулган жок. Гендердик теңдик идеясы азыр фанаттка айланып, эркек менен аялдын ортосундагы айырмачылыкты жок кылууга аракеттенип жатышат. Бул либералдык идеялогиянын бир бөлүгү. Ал адамдардын ортосундагы чек араны жоюп, улуттутук баалуулуктарды, динди, жынысты, атуулдукту жок кылат. Эркек менен аялдын ортосундагы айырмасы бар. Алар сакталыш керек. Ошондуктан бул батыштык идеялогия менен бүгүн аялдардын кыйкырып чыгуусу туура эмес. Бизде бул маселени көтөрүп чыгуу элдин баалулугун бузуу», — дейт А. Аманов.

Баш мыйзамдагы 16-беренеде «Кыргыз Республикасында эркектер менен аялдар бирдей укуктарга жана эркиндиктерге, аларды ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ» деп жазылган. Ошондой эле мыйзамда парламенттин шайлоодо 30 %дан кем эмес аял. Шайлоого катышкан партиялардын 30 %дан кем эмес аялдардан турууга, аял президент болууга укуктуу деп жазылат.

Бөлүшүү