2014-жылы өткөн I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында расмий түрдө 6 улакчы Моңголия жана Түркия атынан ойногону белгилүү. Бирок оюнчулар өздөрү башка мамлекеттерге чыккандардын саны мындан да көбүрөөк дешет.

Биринчи Көчмөндөр оюндарында Туркиянын желегин желбиретип ойногон улакчы Жолдош Карабалаев быйыл чет элден чакыруулар болсо, макул болом деген оюн айтты.

“Мен 15 атымды ижарага берип, андан сырткары, өзүм ойноп 150 миң сомго жакын акча алгам. Толук сумманы айта албайм. Себеби ортомчулар да бар болчу”, — дейт.

Дагы бир улакчы Айбек Сыдыков Моңголиянын атынан чыкканын айтып, жакшы эле төлөп беришкен деп кошумчалайт. Ал дагы чакырса эле ойнойбуз деп кошулду.

Кыргыз улуттук көк-бөрү курамасынын машыктыруучусу Каныбек Кубатов болсо быйыл мындай башаламандыкка жол берилбейт дейт.

“Биринчичи Дүйнөлүк көчмөн оюндарында кыргыз улакчылары башка мамлекеттерге ойноп бергенден кийин айыптоолор болду. Эми толугу менен тыюу салдык. Ар бир командада 8 катышуучу болсо эле жетиштүү”, — деди Кубатов.

I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын атынан эки команда чыгып, биринчи жана экинчи орунду ээлеген.

Бөлүшүү