Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында айтылды. Анда былтыр Санкт-Петербург шаарында кол коюлган эки өлкө жарандарынын Орусия менен Кыргызстанда жүрүү тартиби боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты.

Депутаттарга Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев маалымат берип, бул келишимге бир жыл мурда кол коюлганын жана ушул тапта иштеп жатканын билдирди.

Макулдашуунун шарттарына ылайык, мигранттар эки өлкө аймагында 30 күнгө чейин каттоосуз жүрсө болот. Азыркы эреже боюнча кыргызстандыктар Орусияда 7 күн каттоосуз жүрө алат. Ал эми орус жарандарынын Кыргызстанда каттоосуз жүрүү мөөнөтү 90 күндөн 30 күнгө чейин кыскартылып жатат. Эреже бузгандарды 10 миӊ сомго чейин айып пулга жыгуу маселеси да камтылган.

Бөлүшүү