Белгилүү норвегиялык саякатчы Гуннар Гарфорс Кыргызстанды 12 мыкты өлкөнүн катарына кошту.

Бул тизмени The lndependent басмасы жарыялады.

Кыргызстандан тышкары бул тизмеге Мадагаскар, Исландия, Вьетнам, Румыния, Кирибати республикасы, Жаңы Зеландия, Никарагуа, Сьерра-Леоне, Доминика өлкөсү, Норвегия жана Уругвай кирген.

“Укмуштуудай өлкө, кооз базарлар, кең пейилдүү элдер. Сен жергиликтүү сулуу кыздардын бирин гана ала качып кетүүнү ойлобосоң, сага болгон меймандостугун көрсөтүшөт“,- деп Кыргызстан тууралуу оюн жазган белгилүү саякатчы.

37 жаштагы норвегиялык Гуннар Гарфорс дүйнөнү кезип чыккан эң жаш саякатчы катары Гиннестер китебине кирген.

Бөлүшүү