Казакстан кыргыз картөшкөсүн алтын түстүү нематода оорусу бар деп 4-майдан тартып киргизбей калган.

Алмазбек Атамбаев казак президенти менен сүйлөшүп, Нурсалтан Назарбаев жакын арада бул маселе чечилет деп билдирген эле.

Агро өндүрүш комплекс жана  экология бөлүм башчысынын орун басары Алмаз Жээналиевдин айтымында, картөшкөгө тыюу салыгандан кийин айыл чарба министрлиги жана мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык инспекция чараларды көрүү планын түзүп иштей баштаган.

«Кыргыз-казак чегинен фитосанитардык көзөмөл алынгандан кийин «оорулар чыгып жатат» деген ноталар келип түшүүдө. Анткени картөшкө көзөмөлсүз, сертификатсыз кетип жатат. Ал эми алтын түстүү нематода бар экенин биз 2015-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнө расмий түрдө кат жөнөткөнбүз. Ал жерде оору катталган карантиндик объектилер жөнүндө маалымат камтылган», –деди А. Жээналиев.

Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев карантиндик аймактарга Кеминдеги 79 гектар, Ысык-Көл областынан 0,8 жана 1 гектар жер кире турганын белгиледи.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү

ПИКИР ЖОК

Жооп калтырыңыз