ЖКнын эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “2015-жылдын 5-сентябрында Тегеран шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Иран ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндөгү Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Макулдашуу эки мамлекеттин кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматташтыгын андан-ары чыңдоо максатында жалпы кабыл алынган эл аралык принциптерине ылайык келип, өз ара урмат көрсөтүү, эгемендик жана тең укуктуулук менен өз ара пайда көрүү принциптерин сактайт.

Андан тышкары, колдонулуудагы улуттук жана эл аралык мыйзамдардын ченемдерине жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча бул Макулдашуунун ченемдери колдонулуудагы ченемдик-укук актыларга каршы келбейт.

Бул макулдашуу соттолгон адамдарды өз ара өткөрүп берүү, жазаны мындан ары өтөө үчүн эркинен ажыратуу маселелери боюнча кызматташууга  мүмкүндүк берет. Макулдашуунун  жоболорун чечмелөөдө жана колдонууда келип чыккан бардык пикир келишпестиктер кеңешүү жана сүйлөшүү жолу менен чечилет.

Бөлүшүү