Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына жана Тарых жана маданият жылына арналган бул китепте өлкөнүн чейрек кылым жашоосуна комплекстүү саясий-укуктук жана философиялык анализ жүргүзүлгөн.

Авторлор ошону менен катар мамлекеттин демократия жолуна кадам коюусунда тушуккан көйгөйлөрдү жана аны жеңүүнүн жолун көрсөткөн.

Ошондой эле дүйнөлүк коомчулугунун ааламдашуу процессинин  контекстинде Кыргызстандын келечектеги өнүгүүсүнүн этаптары  каралган.

Китепте кыргыз улутунун мамлекет болуп калыптануусу байыркы доорлордон бүгүнкү күнгө чейин кыскача баяндалып, ага баа берилип отурат. Мамлекеттин жашоосунун маңызын түзгөн – саясат, өнүгүүнү тандоо жолу, эл аралык мамилелер, социалдык-экономикалык жагдайы окумуштуулардын кылдат саресебине түшкөн.

Бөлүшүү