БУУнун бүткүл дүйнөлүк рейтингинде Кыргызстан туристтер эң көп келчү   өлкөлөрдүн ичине кирди.

Алдыңкы оорунду  ээлеген өлкөлөрдүн  катарын Мьянма, Индия, Замбия, Вьетнам, Танзания, Мозамбик, Китай, Кыргызстан,  Ливан жана Намибия толуктайт.

Кыргызстандын бийик тоолору, кооз табияты туристерди өзүнө тартат. Ат минип тоо койнунда эс алуу да туристер үчүн өзгөчө көрүнүш.

Былтыр жыл этегинде британиялык The Guardian гезити өлкөдө альпинизмдин болочогу чоң экенин жазып чыккан. Быйыл эл аралык Financial Times басылмасы Кыргызстанды саякат үчүн ыңгайлуу жети өлкөнүн катарына кошкон. Эл аралык Business Insider порталы 2016-жылы туристтер үчүн кызыктуу он эки мамлекеттин бири катары көрсөткөн.

Бөлүшүү