Нан азыктары 3,8%, таза эт азыктары 8,7%, сүт азыктары 1,6%, жумуртка 1,4%, жаңы жашылча 0,4%га арзандады. Ал эми балыктын баасы 3%га, алма 5,3%, алкоголсуз суусундуктар 2,5%га кымбаттап, спирт ичимдиктери 0,9%, тамекинин баасы 4,3 пайызга өстү.

Жер-жемиштердин, нан азыктарынын жана ундун баасы арзандаганын статистика комитети билдирип чыкты. Андан сырткары, кой жана уй эттеринин баасы кескин түрдө арзандаганы белгилүү болду.

Тамак аштан сырткары курулуш каражаттары жана газга болгон тариф, ошондой эле тейлөө кызматына, аба каттамдарына болгон баа да арзандашы күтүлүүдө.

Бөлүшүү