Энени жана баланы коргоо улуттук борборунда операция жолу менен бир жыл мурун боорун алмаштырган аял төрөдү.

Төрөлгөн кыз 2,6 кг салмакта жана 49 см узундукта экендигин саламаттыкты сактоо министирлиги билдирет.

Эненин жана баланын абалы канааттандырарлык.

Дарыгерлердин айтымында, боорду алмаштыргандан кийин кош бойлуу болуп көз жаруу сейрек кездешет.

Төрөгөн жаран 30 жашта. Ысык-Көл облусунун тургуну. 2011-жылы»боордун 4 — даражадагы циррозу» деген диагноз коюлган. 2015-жылы Индиядагы ооруканадан боорун алмаштырып, ошол эле жылы кош бойлуу болгондугу билинген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү

ПИКИР ЖОК

Жооп калтырыңыз