Дүйнөлүк диабет фонду тарабынан көмөк көрсөтүлөт.

Фонддун өкүлү  фонда Кирза Бух Кристенсен бүгүн маалымат жыйында «Диабетсиз балалык» коомдук фонду менен кызматташа тургандарын айтты.

Анын айтымында, учурда 70 өлкөгө 200 долбоор иштелип жатат.

«Дүйнө жүзү боюнча бул оору менен 380 млн адам жабыркап келет. Кыргызстанда расмий катталуу боюнча 50 миң адам, анын ичинде 300гө жакыны жаш балдар. Бирок мындан 3 эсеге көп болушу мүмкүн», — дейт ал.

Ошол эле учурда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Амангелди Мурзалиев билдиргендей, жыл сайын бул дарт менен ооругандардын саны өсүүдө.

«Негизги себеби белгисиз. Бирок кыймыл аракет кылбагандар ооруп келет, ошондой эле тукум кууган оору болуп эсептелет», — дейт ал.

Бөлүшүү