23-майда Бишкектеги №6 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда  кыргыз-корей кайрымдуулук «Ден соолук жумалыгы» аттуу долбоордун бет ачары өттү.

Саламаттыкты сактоо министирлиги менен Самсунг-Сеул медицина борбору 27-майга чейин Бишкек жана Чүй аймагынын тургундарына бекер тейлемекчи.

Кайрымдуулук акциянын максаты — диагностика, кеңеш берүү, бардык ооруларды заманбап дарылоо. Ошондой жергиликтүү врачтарга бул борбордун алдыңкы адистеринен мастер класс жана семинарлар кайтарымсыз негизде өткөрүлмөкчү.

цсм1

Кеңеш берүүнү жана дарылоону төмөнкү адистер тейлейт: трансплантолог, кардиолог, ревматолог, реаниматолог, радиолог, педиатр, дерматолог, гинеколог

Бишкек шаарында кабыл алуу төмөнкү мекемелерде болмокчу:

— ҮДБ №6 (дерматолог, педиатр, гинеколог, радиолог);

— Улуттук хирургия жана терапия борбору (кардиолог, ревматолог);

— Улуттук хирургиялык борбор (боор транспантологу, балдар трансплантологу).
цсм

27-майда Ысык-Ата районун Алмалуу айылынын жалпы дарыгердик практика борборунда болуп, бардык адистер кабыл алууну жүргүзөт.

Долбоор 17-февралдагы эл аралык кызматташуу меморандумдун негизинде ишке ашырылганын саламаттык сактоо министирлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.

 

Бөлүшүү