Президент Алмазбек Атамбаев «Жарандардын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кол койду.

Мыйзамдын максаты — аскерий кадрларды даярдоо жолун өзгөртүп, куралдуу күчтөрдүн курамын жакшыртуу.

Мыйзамга ылайык, медициналык академияда гана аскер факультети иштейт.

Аскер кафедралары жабылгандан кийин альтернативдик кызмат өтөө жүзөгө ашат. Анда жоокерлер эки категория боюнча кызмат өтөй алышат.

Мыйзам жарыяланган соң 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Бөлүшүү