Тизме билим берүү жана илим министрлиги тарабынан түзүлдү.

Балоону министрликтин алдындагы атайын комиссия жүргүзүп, аны министрдин орун басары Нурмамат Эсенкулов жетектеген.

Комиссия ЖОЖдордогу билим берүү деңгээлин, бүтүрүүчүлөрдүн жумуш таап кетүүсүн, дипломдун эмгек базарындагы ордун илимий жана инновациялык ишмердүүлүктөрүн иликтеп көргөн.

  1. «Иш берүүчүлөр менен кызматташуу жана эмгек базарына шайкештик» көрсөткүчү боюнча: Президенттин алдындагы Башкаруу академиясы, ИИМ Академиясы, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы жана Ош мамлекеттик университеттери алдыга чыкты;
  2.  «Илим-изилдөө жана инновациялык ишмердүүлүк» көрсөткүчү боюнча: Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, Кыргыз улуттук агрардык университети, «Манас» университети, Кыргыз-орус сляван университети, Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети аныкталды;
  3. «Эл аралык интеграция» көрсөткүчү боюнча: ОшМУ, «Манас» университети, Кыргыз улуттук агрардык университети, Кыргыз-орус сляван университети белгиленди;
  4. «Илимий ишмердүүлүк» көрсөткүчү боюнча: Кыргыз-орус сляван университети, Кыргыз экономикалык университети, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети чыкты;
  5. «Ресурстук жана коммуникациялык камсыздоо» көрсөткүчү боюнча: «Манас университети, Кыргыз мамлекеттик юридиклаык академиясы, Кыргыз мамлекеттик университети, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Кыргыз-Өзбек университети аныкталды;
  6. «Социалдык коомдук ишмердүүлүк» көрсөткүчү тармагында: «Манас» университети, ОшМу, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы, Кыргыз Экономикалык Университети жана Талас мамлекеттик университеттери аныкталды.
Бөлүшүү