Түркиянын Стамбул шаарындагы аэропортто болгон жардыруу дүйнө жүзүнүн көңүлүн бурду. Күнөөсүз адамдардын өмүрүн алып кеткен бул кандуу окуя катуу айыпталууда. Кыргызстан четке какканы менен түркиялык жана батыш прессасы 42 өмүрдү алып кеткен терактка кыргыз атуулунун тиешеси бар жазып чыкты. Мындан улам, буга чейин дагы кыргызстандыктардын аты аралашкан окуяларды эстеп көрдүк.

Ататүрк

2013-жыл. Бостон. АКШ

2013-жылы 15-апрелде тынч спортчулардын Бостон марафону учурунда бир тууган Тамерлан жана Жохар Царнаевдер орноткон бомбадан үч киши өлүп, 264 адам жаракат алган. 17 киши колу-буттарынан ажырашкан. Алар койгон бомба колго жасалгандыгы тастыкталган. Жардыруу маалында полициялар жүргүзгөн атайын операцияда Тамерлан Царнаев жок кылынган. Жарадар болуп колго түшкөн Жохар бир нече жолу сот отуруму болуп, өлүм жазасына тартылган. Бирок өкүм качан ишке ашары азырынча бегисиз. Балким 10 жыл же 20 жылда болушу мүмкүн.

Жохар Царнаев

Чечен улутундагы бул жарандардын ата-энеси Кыргызстандын Токмок шаарында жашап кетишкен. Тамерлан Царнаев 1986-жылы Кыргызстанда, иниси Жохар Царнаев 1993-жылы Дагестанда төрөлгөн. Царнаевдердин үй-бүлөсү 1990-жылдардын башында Кыргызстандан Чеченстанга көчүп кетишкен. Бирок кайрадан 1995-жылы Кыргызстанга кайтып келип жашап калышкан. 2001-жылы бул үй-бүлө кайра Дагестанга кетип, андан ары АКШга жер которуп кетишкен. Ал эми Тамерлан Царнаев 2002-жылы Кыргызстандын жарандыгын алууга жетишкен. Жохардын бир жолу берген маегинде Кыргызстандан көчүп кетүү себеби улуттук дискриминация деп берген. Бул Кыргызстандын адам укуктары боюнча айрым сындарга кабылдырган.

Ал эми бул жардырууну уюштургандар менен байланышы бар делип жүргөн  Сузак районунун тургуну Хайрулложон Матанов кармалган. Матанов Бостондо жардыруу уюштурду деп айыпталган ага-ини Тамерлан жана Жохар Царнаевдер менен жакын тааныш болгон. Жардыруудан көп өтпөй Царнаевдер менен чогуу тамактанган. Андан кийин да телефон аркылуу байланышууга аракет кылганы жана Тамерлан менен кеминде эки ирет жолукканы далилденген. Матанов жардыруудан кийин бир канча жолу сурак берип чыккан жана анда Царнаевдер менен анчалык деле жакын тааныш эместигин айтып көрсөтмө берген. Мындан улам ага «жалган маалымат берген, далилдерди атайлап жок кылган», — деген айып тагылып 3 жылга эркинен ажыратылган.

2011-жыл. Маскөө. Домодедово

2011-жылы 24-январда Орусиянын борбору Маскөөдө жайгашкан Домодедово аэропортунда болгон жардырууда 36 адам набыт болгон, 120 ашуун киши жаракат алган. Алардын арасында Мурат Хакназаров аттуу кыргыз жараны каза болуп, бир кыргыз жараны жарадар болгон.

Маскөө

Сирия. Жашыктанган жанкечти

Өткөн жылдын күз айында террордук топтор Сириянын Фуа шаарында террордук топтор БТРге Жафар аттуу жигитти отургузуп, жардыргыч заттарды ороп душмандын аймагына жиберишкен. Жафар кетип жатып ыйлап да жиберген. БТР менен кошо өзү да курман болгон видео таратылган. Териштирүүлөрдөн кийин жанкечтилик кылган жигит Жафар эмес, Кыргызстандын жараны Бабур Исраилов экени тастыкталган. Бул да атасынын чөнтөк телефонунан көрүп калып, маалымат ачыкка чыккан. Исраилов Жалал-Абалд облусунун Сузак районун өзбек улутундагы тургуну болгон.

Бабур

Андан сырткары, УКМК билдиргендей, учурда Сирия жана Ирак аймагында 500гө жакын кыргыз жарандары согушуп жүрөт. Алардын 60ка жакыны ар кандай жардыруу, согушу маалында каза тапкан. Кыргызстандыктардын Сирияга агылуусу 2012-жылдары башталган. Сирияда согушуп жүргөн учурлар, жардыруулар азыр анча деле коомдун үрөйүн учурган кабар деле болбой калды, көнүмүш окуя болуп калгандай. Бирок ар кандай террордук топтор, тактап айтканда, ИШИМ соңку бир жарым жылда дүйнөнүн ар кандай жерин бутага ала баштады. Алсак Франция, Түркия, АКШ, Бельгия, Ливан жана башка жерлерде бир нече жолу адам өмүрүн алган жардыруулар болуп өттү.

Бөлүшүү