Мюнхендин Бавария клубунун президенти Франц Беккенбауэр онлайн-конференцияда Дордой-2003 командасынын жаш футболисти Бектур Абдывалиевге Кыргызстанга келип кетүүгө сөз берди.

Онлайн-конференция «Футбол достук үчүн» деген фестивалдын алкагында болуп, Баккенбауэр жаш оюнчулар менен баарлашкан.

«Ал бизден жалгыз Бектур менен сүйлөшүп, сөзүнүн аягында Кыргызстанга келип кетүүгө сөз берди»,- деди команданын машыктуруучусу Олег Холковский.

Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстан 26-28 майга чейин Италиянын Милан шаарында өтчү эл аралык фестивалга катышат. Бул форумга өлкөбүздун Дордой- 2003 командасынан 8 оюнчусу жолдомо алган.

Бөлүшүү