Кыргызстанга 1,5 млрд доллар Кытайдын инвестициясынан түшкөн. Инвестициялоо тоо-кен, кайра иштетүү, соода жана башка тармактарында ишке ашырылган. Кызматташуу жылдарында 1,8 млрд доллар насыя бөлүнгөн.

Кыргызстандын экономикасында Кытай негизги өнөктөш болуп саналгандыктан, “Улуу жибек жолунун экономикалык коридорун” түзүүнүн алкагында кытай тарапка ашыкча өндүрүшүн Кыргызстанга которуу сунушталган.

Мындан ары да кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Цзисянь провинциясынын ишкерлеринен  турган делегация кыргыз ишкерлери менен жолугушууга келген. КРдин соода-экономикалык палатасы Цзисянь провинциясынан келген өкүлдөр менен жолугушуу өткөрүп, таанышуулар жана эки тараптуу сүйлөшүүлөр орун алды.

Жооп катары КР да иштешүүгө кызыкдар экенин билдирди. 3 тармакта Кытай үчүн жолдор ачылганы белгилүү болду. Биринчиси, 160 млн калкты камтыган, КР 2015-жылы мүчө болуп кирген Евразиялык экономикалык биримдик. Экинчиси, 700 млн калк жашаган Европа биримдигине GSP+ схемасы менен товар экспорттоо укугуна ээ 15-өлкө болушу. Үчүнчүсү, туризм тармагынын өнүгүп жатышы. Инвесторлор үчүн жакшы шарттарды түзүп берет деп белгиленди.

 

Бөлүшүү