Литвада депутаттыкка талапкерлердин, коалициялардын жана партиялардын тизмеси расмий түрдө жарыяланды.

Бүгүндөн тарта талапкерлер кол тийбестик макамына ээ болушарын шайлоо комитетинин башчысы Зенонас Вайгаускас билдирди. Шайлоо мыйзамына ылайык расмий түрдөгү жарыядан кийин алар жоопкерчиликке тартылбайт жана камакка алынбайт.

Аталган өлкөдө парламенттик шайлоо 9-октябрда өтөт. Анда 12 партия катышып, 4 партия эки коалиция түзгөн. 141 орун үчүн 1416 депутат ат салышат. Бир орунга 10 адам туура келүүдө.
71 депутат бир мандаттуу округдан мажоритардык система менен 70и көп мандаттуу округдан партиялык тизме менен шайланат. Шайлоодон утуп чыгуу үчүн партиялар шайлоочулардын 5 пайыздык, коалициялар 7 пайыздык добушун алышы зарыл. Литвада депуттар 4 жылга шайланат.

 

Бөлүшүү