КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин Атамбаев жөнүндө айткан пикирине жооп кайтарды.

Анын айтымында, Текебаев президентти бир тараптуу каралаган.

«Президенттин деле кадимки жарандардыкындай эле үй салганга жер тилкесин сатып алууга укугу бар. Алмазбек Атамбаев эч убакытта белек албайт», — дейт ал.

Текебаев бүгүн маалымат жыйында Алмазбек Атамбаев буга чейин Максим Бакиев, Алексей Ширшов, Данияр Үсөновдор менчиктештирип алган, «Дастан» ишканасына тиешелүү территорияга үй салууда деген оюн айткан.

Бөлүшүү