“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров маалымат жыйында өтө турган референдум мыйзамсыз экенин айтты.

Анын айтымында, референдум юридикалык жактан далилденген.

“Бирок референдум өтөт. 86% колдоо табат. Себеби БШК эмес, мамлекеттик каттоо кызматы өткөрөт”, — дейт.

“Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев дагы референдумга каршы экенин билдирди. Ошондой эле каршы добуш бере турганына токтолду.

Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев тандем түзүшкөнүн расмий жарыялады.

Бөлүшүү