1-июнда саат 23:30дар чамасында Жаш Гвардия менен Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде Mercedes-Benz (бус) жана Volkswagen Golf 3 үлгүсүндөгү автоунаалардын кагылышуусу катталган.

Кырсык болгон жерде микроавтобустан 6 киши жаракат алып, анын экөө жаш балдар болгон. Бишкек шаардык ИИБнин патурулдук милициясынын кызматкерлери кырсык катталган жерге барып, жаракат алгандарга алгачкы жардам көрсөтүшкөн.

Иликтөө жүргүзгөндө Golf үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу алкоголдук ичимдик ичип, мас абалында айдап бара жатканы белгилүү болду.

Учурда Бишкек шаардык ички иштер бөлүмү тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Ал эми окуяга күбө болгонун Азиз аттуу жаран Saat.kg’ге көргөндөрүн айтып берди.

«Кырсык болуп өткөн жерде жолдон өтүп бара жаткам. Аңгыча Гольф-3 үлгүсүндөгү автоо унаа каттуу ылдамдыкта келип? жүргүнчүлөрдү ташыган кичиавтобусту капталынан сүзүп кетти. Кичи автобус сүрүлүп барып, капталынан кулап түштү. Биз дароо чуркап барып кичибустун терезелерин талкалап, ичиндеги адамдарды тышкары алып чыктык», — деп билдирди.

Бөлүшүү