30-майда ачылган аэропорттун биринчи каттамдары бүгүн башталат. Алгачкы рейстерди Air Kyrgyzstan авиакомпаниясы жүргүзөт.

Жуковский аэропорту өз жумушун Кыргызстандын Air Kyrgyzstan жана Казакстандын SCAT компанияларын тейлөөдөн баштай турганын аба майдандын ачылышында айтылган. Аэропорттун бир бөлүгүнө ээлик кылган “Ростех” корпорациясынын башкы директору Дмитрий Шугаев билдиргендей, кыргыз компаниясы Бишкек менен Ошко жумасына 8 жолу каттап турат. SCAT болсо, Чымкент, Актөбе, Актау, Астанага 12 рейс жасап турат.

Жуковский аэропортундагы жүргүнчүлөрдү ташый турган терминалды «Рампорт Аэро» компаниясы курууда. Бул — орусиялык «Ростех» мамкорпорациясы менен литвалык «Avia Solutions Group» холдингинин ортосунда түзүлгөн ишкана. Литвалыктар акциялардын башкаруучу топтомуна ээ.

Рампорт бул долбоорго 10 млрд рублга чейин инвестиция салууну көздөйт. 2020-жылга чейин аэропорт жылына 12 млн жүргүнчү тейлеп калышы керек деген пландары бар.

30-майда ачылган терминалга болсо «Рампорт Аэро» 1,8 млрд рубль инвестиция кылды. Ал жылына 2 млн кишиге эсептелген. Жаңы ачылган терминалда азырынча бош турган 18 каттоо жайы, эки кафе жана duty free дүкөнү бар.

Булак: ria.ru

Бөлүшүү