Орусиянын премьер-министрин өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков “Манас” аэропортунан тосуп чыкты.
Иш сапар алкагында Дмитрий Медведев президент Алмазбек Атамбаев менен жолугат.
Ал 6-7-июнь күндөрү Бишкекте өтө турган көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын саммитине катышат.