«Кыргызстан» фракциясынын депутаты Дастан Жумабеков Таластын Кара-Буура районундагы Кайнар айылында жаңы мектептин курулушунун 80 пайызы бүтүп калгандыгын, тилекке каршы, мектеп бүтө элек жатып пайдубалы чөгүп кеткендигин ортого салды.

Эл өкүлү мектептин курулушун укук коргоо органдары баштаган тиешелүү мекемелер текшерип, мектептин окууга жарап же жарабастыгы боюнча корутунду чыгарышы керек дейт.

Баткен олустук гимназиясынын имаратын жаңы куруп же кеңейтүү маселеси бар. Гимназияда класстагы балдардын саны ченемден алда канча көптүк кылат. Облус боюнча гимназияга окуйм дегендердин саны абдан көп. Анын бүтүрүүчүлөрү чет өлкөлөрдөн билим алып, жакшы ийгиликтерди жаратууда.

Мындай маалымат менен бөлүшкөн КСДП фракциясынын депутат Карамат Орозова гимназия имаратын кеңейтүү маселеси чечилет дегенине карабай 2016-жылдын республикалык бюджетине кирбей калганына нааразычылыгын билдирип, эмки жылдын бюджетине киргизүүнү өкмөттөн талап кылды.

Бөлүшүү