2014-жылы мектептерге дин маданиятынын тарыхын өтүү чечими кабыл алынган. Анын негизинде окуучуларга дин тануу боюнча түшүндүрмөлөр жургүзүлмөк болчу. Бирок программа жаш жеткинчектер үчүн ылайыксыз деп табылып, кайра карап чыгуу үчүн жылдырылган эле. Азыркы учурда бул идея кайрадан жанданып, ата-энелердин арасынан тарапташтары менен каршылаштарын табууда.

Мектеп курактуу баланын энеси Айгүл Сыдыкова светтик өлкө болгондуктан, дин таануу сыяктуу сабак кереги деген ойдо.

«Менин билишимче, бир гана ислам тууралуу эмес, баардык диндер өтүлөт экен. Андыктан диндин келип чыгышы, тарыхы, түрлөрү менен балдардын башы айланбайбы деген ой келип атат», — дейт ал.

Дин окутулганына жараша бир гана ислам окутулсун дегендер да бар. «Ислам биздин өлкөдө негизги дин болгондуктан, ислам таануу деген сабакты киргизсе болмок»,- деген Амантур Осконалиев «каршы болбосом дагы бул чечим бир аз оңдоого муктаж» деп кошумчалады.

Медресе. Сүрөт: ansar.ru
Медресе. Сүрөт: ansar.ru

Дин иштери боюнча мамлекеттик кызматта бул сабак жаш балдар радикалдык агымдардан негизги диндерди айырмалай алышы үчүн киргизилип жатканын айтышты.

«Дин бул экстремизм эмес экенин алар түшүнүшү керек. 1990-жылдарда дал ушундай идея көтөрүлүп чыгып, анда балдарга биринчи күнү молдо өтсө, экинчи күнү поп өтчү эле. Азыр бул каталарды эске алуу менен жана башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын карап туруп, оюбузду ишке ашырганы турабыз», — дейт Ислам университетинин дин иштери боюнча директордун орун басары Закир Чокоев.

Светтик мекемелерле дин тануу боюнча иштер жүргүзүлсө, диний мекемелер да окуучулардын сабаттуулугун арттыруу чараларын көрө баштады. Ракиевдин айтымында, бир гана мектептерде дин таануу боюнча сабактар өтүлбөй, кадимки эле медреселерде да жалпы предметтик сабактардын киргизилип жатат», — деди университеттин диний окуу бөлүмүнүн башчысы Замыркаары Ракиев.

Айрым маалыматтар боюнча, кээ бир мектептерде дин таануу сабагы өтүүлүүдө. Бирок, бул долбоордун толук кандуу иштеп башташы үчүн көп убакыт талап кылынаары айтылат. Сабак кайсы класстан баштап киргизилээри тактала элек.

Бөлүшүү