Кадамжай районунун Көтөрмө айылында “Алма фестивалы” болуп өттү.

Бул иш-чарага айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү катышты. Министр Турдуназир Бекбоев билдиргендей, буга чейин “Өрүк фестивалын”, “Карагат  фестивалын” уюштуруп, натыйжасы купулга толоорлук болгон.

«Кыргызстандын бакча өсүмдүктөрү экологиялык жактан таза, сапаттуу экенин, ошондой эле “Кыргызстандыкы” деген брендди жаратуунун үстүндө иштеп, даңазалап жатабыз. Азыр биздин айыл чарба азыктарына талап жогору. Тилекке каршы биз чарбаларды абдан майдалап жибергендиктен аны экспорттоодо кыйынчылыктар бар. Бул маселени чечүүдө чарбаларды ирилештирүү, өлкөдө логистикалык борборлорду курууну колго алуу, импорттоодо сертификатоо маселесин карап жатабыз”, — деди ал.

Бөлүшүү