Акыркы күндөрү ЖМК 78 жаштагы президенттин ден соолугу начарлады деген кабарларды тараткан. Андан соң Каримовдун каза тапкандыгы тууралуу жергиликтүү оппозициялык сайт жазып чыккан.

Бирок ошол эле учурда Өзбекстандын президенттик аппараты Каримовдун каза болгондугу тууралуу маалыматты төгүндөдү.

Ал эми кечээ Каримовдун сөөгү алтынчы күнү туулган жери Самаркандда жерге берилери тууралуу малыматтар пайда болду.

Журналисттер Самарканд мүрзөсүнө жакын белгилүү архитектуралык-тарыхый эстелик Шахи Зинданын жанында даярдануу иш-чараларын сүрөткө тартып алышкан. Бул жерде өлкө башчысынын эки агасы жана энеси жатат деп айтылат.

Ошондой эле Каримовдун каза тапканы жөнүндө билдирүү жума күнү айтылып, 3-сентябрда жерге берүү аземи жүрөт. Самаркандга Каримовдун сөөгү Ташкенттен учак менен жеткирилгени жана, премьер-министр Шавкат Мирзяев да жетип барганы айтылат.

Маалыматка ылайык, эки күн аралыгында КМШ өлкө башчылары келип, Өзбекстан президенти менен коштошоору маалым болду.

Буга чейин соцтармактарда Самарканд эли көчөлөрдү жыйнап, ири иш-чараларга даярданып жаткан сүрөттөрү тарап кеткен.

Улукбектин обсерваториясынан баштап, Сиеб базарына чейин жолду жаап салышкан.

https://twitter.com/dragosha88?ref_src=twsrc%5Etfw

Бөлүшүү