Мушташтан бирөө баш мээси чайпалса, үчөө ок жеп жарадар болгон жана ооруканага жаткырылган.

mk.ru 32-жаштагы Полан менен 23-жаштагы Аянанын тою «Париж» кафесинде 7-августта болгон.

Маалыматка ылайык, эки жаштын туугандары унаанын ичиндеги орундарды талаша кетип урушкан. Бир аздан соң кудалар  мушташты таяк, бычак, муштумдарды колдонуп улантышат.

Күйөө жак көбүрөөк болгондугуна байланыштуу, кыз тарап өз досторун жардамга чакырат. Алар келип ок чыгарат. Окуя аянычтуу аяктаганы менен эки жаш бул уруштан жапа чеккен жок.

 

Бөлүшүү