Кыргыздардын арасынан Москвада эч ким кармалган эмес.

Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги ОФ полициясынын маалыматына таянып төмөнкүлөрдү билдирди.

«Окуя Борицовские пруды көчөсүндө болгон. Мушташ чындыгында эле кыргыз жарандарынын тоюнда чыккан. Беш адам жабыр тарткан. Алар шаардык №12 ооруканага жеткирилген. 4 жаран бейтапканага жатуудан баш тартты», — деп кабарлады.

Жабыр тарткандардын бирөөсү бутуна ок жеген, ага биринчи тез жардам көрсөтүлгөн. Бирок ал өз калоосу менен ооруканага жеткирилген жок.

Полиция кызматы «бейбаштык» берене менен кылмыш ишин козгоду. Уруштун катышуучулары камалган жок.

7-8 августка караган түнү кыргыз жарандарынын тоюнда уруш болгон. 

Бөлүшүү