Өздөрүн «Таза оппозициялык кыймыл» деп атаган кыймылдын лидери Назарбек Нышанов Saat.kgге ага «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары кол салганын айтты.

Анын айтымында, ага кол салгандардын ичинде Текебаевдин иниси бар.

«Үйгө кетип баратсам, үч адам мага жабылып, башыма урушту. Алардын арасында Текебаевдин Алмаз деген иниси бар экен», — дейт ал.

Ал «Ата Мекен» партиясы курултай өткөргөндө аларды сындаганын айтты.

«Алардын коррупционерлерди бийликке алып келе турган Конституциясы үчүн 90 бала каза болгон эмес. Ошол Конституцияңарды сактап калайын деп жатасыңарбы деген сын айткам»,- дейт.

Ал эми «Ата Мекен» партиясынын катчылыгы Saat.kgге кабарлагандай, Нышановдун айтканы провакациялык билдирүү.

«Көчөдө ызы-чуу болсо эле Текебаев күнөөлүү эмес да. Биздин ал кишиге эч кандай каршылыгыбыз жок», — деп маалымдады партиянын катчылыгы.

Нышанов Биринчи Май РИИБине бул боюнча арыз жазганын айтты.

Бөлүшүү