Франциянын Ницца шаарында 14-июлда кечинде кол салуудан 80ге жакын адам каза тапты.  

Маалыматтарга караганда, “Бастилия алынган күнү” белгиленип жаткан учурда жүк машиненин айдоочусу унааны топтолуп турган адамдарды көздөй айдаган. Курман болгондордон тышкары, дагы көп адамдар жабыркаган.

Кол салуу фейерверк атылып жаткан кезде болгон. Риа Новости агенттиги жазган кабарга ылайык, айдоочу топтолгон адамдардын үстүнө машинени айдагандан соң туш келди ок аткан.

Шаар мэри Кристиан Эстроси тургундарга үйдөн сыртка чыкпоону сунуштады.

Автоунаанын ээси тартип сакчылары аткан октон өлдү. Ал Ницца шаарынын тургуну болгон, бирок Тунисте төрөлгөн. Полиция унаада куралдар болгонун аныктады.

Франция президенти Олланд бул окуяны теракт деп атады.

Бөлүшүү