Жайкы олимпиадалык оюндар 2016-жылы 5-21-августта Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтөт. Спорттун 28 түрү боюнча 306 комплект медаль ойнотулат. Учурда Бразилиянын монета сарайында 812 алтын, 812 күмүш, 864 коло, баары биригип 2488 медаль даярдалды.

Кыргызстандан Олимпиадага жолдомоо алган 17 спортчу, 8 машыктыруучу, 2 жеке дарыгер, машыктыруучу, 2  укалоочу, оор атлетика боюнча Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев, олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дирекциянын башчысы Төлөсүн Ысыралиев болуп жалпысынан 35 адам барат.

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жанарбек Кенжеев канынан кызытма табылды деп жолдомосунан кол жууган. Бирок, кайра тест тапшырып, лицензиясын кайтарып алуу аракетин көрүүдө. “Лицензияны сактап калууда федерация менен спроттук дарыгерлердин  чабаал аракетинен улам жолдомодон ажырадым” деп муну көзөмөлгө алуусун суранып, президент Алмазбек Атамбаевге кайрылды.

Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат катчысы Кабыл Макешов жолдомо үчүн мелдештер дагы да уланып жатканын айтат.

“Рио Олимпиадасына жолдомо алуу үчүн мелдештер 3-июлга чейин уланат. Дагы 2-3 жолдомого жетишүүгө аракет кылып атабыз. Олимп оюндарында  күрөш боюнча байгелүү орундарга жетүүгө үмүтүбүз чоң. Негизинен 2 медаль алсак да, ошол кыргыз спорту үчүн чоң ийгилик болуп эсептелет. Учурда жолдомо алган спортчулар Ош, Ысык-Көл облусунда машыгууда. Жанарбек Кенжеев кызытма колдонбогонун далилдөө үчүн кайра допинг тестин тапшырса болот. Бирок, жолдомосун кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү азыраак”, — дейт ал.

Автор: Эламан Карымшаков

Бөлүшүү