Жайкы Олимп оюндарындагы жалгыз коло медалдын ээси Иззат Артыков дисквалификацияланды.

Анын канынан тыюу салынган стрихнин табылып, Артыковдун жыйынтыктары жокко чыгарылды.

КР оор атлетика федерациясы Артыков эч кандай кызытма колдонгонбогонун saat.kgге билдирди.

«УОК жана оор атлетика федерациясы жыйынтыкты кайрадан карап чыгууга 10 күндүн ичинде арыз беришет. Жыйынтыкты күтөлү. Артыков витаминдерден башка эч нерсе колдонгон эмес. Ташкенттеги мелдеште Иззат кызытма-тест берген. Бардыгы таза чыккан», — дейт федерациянын вице-президенти Уланбек Молдодосовдун катчысы.

Каныбек Осмоналиев оор атлетчи, алтын медалдын ээси кызытма-тесттин экинчи айлампасын күтөлү деген оюн айткан.

«Түшүнбөй жатам. Бирок эч нерсе колдонбогула деп айтып келгем», — деп жооп берди.

Соц тармактарда Иззат Артыковду колдоп, медалды кайрып алабыз дегендер болууда.

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=1829244007310112&set=a.1374846409416543.1073741825.100006735900852&type=3&theater

Стрихнин- Азия менен Африка чөлкөмүндө өсүүчү чилибуханын уругу. Медицинада азоткычкылдуу туз — стрихниндин нитраты пайдаланылат. Аталган каражат борбордук нерв системасын дүүлүктүрө алат. Адамдын рефлектордук реакциясы күчөйт. Ал сезүү органдарына таасир этип, сөөктөрдү кыймылдатуучу жана дем алуу борборлорун дүүлүктүрөт.

Стрихнинди ашыкча пайдалануу тарамыштардын түйүлүшүнө алып келет. XX кылымда аталган каражатты спортто, өзгөчө велоспортто колдонуп келишкен.

Мындан тышкары, стрихнинди мышьяк, коргошун, сары же ак фосфор жана таллий сульфаттын кошулмасынан даярдалуучу уунун курамына кошулат.

Бөлүшүү