Кол чогултуу демилгеси «Референдумга жок дейбиз» кыймылына таандык.

Бул маалыматты аталган кыймылдын мүчөсү Равшан Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, эгер 10 000 кол чогулса анда БШКга бул суроону карап чыгуу талабы менен кайрылса болот. Ал 8-октябрда кыймыл Бишкекте курултай өткөрүүлөрүн кошумчалады.

“Биз парламент башкы саясий орган катары өзүн актабай калгандыгын түшүндүк. Депуттаттар президенттин мыйзамсыз ойлорун колдоп, чек ара маселелерин чече албай жатышат. Алар президенттин  башкаруу уюму болгонго гана жетишишти”,- деп билдирди экс-депутат.

Ал билдиргендей, Конституцияны өзгөртүүгө жана референдум өткөрүүгө каршы кыймылга көп адам кошулду. Анын арасында оппозиция саясатчылар, жарандык коом өкүлдөрү жана жаштар бар.

Бөлүшүү