2 миңден ашык куран китеби орус тилине которулду. Маскөөдөн басылып, Борбор Азиядан биринчи Кыргызстанга келди.

«Аль-Фуркан» борборунун башчысы Мухаммад Саид аль-Рошед билдиргендей, китепти чыгарууну каржылаган кыргыздарга жакын адам.

«Биз ЖК, Дин иштери боюнча агенттиги, маданият министирлиги менен китепти окугусу келгендер үчүн бекер тараталы деп макулдаштык. Себеби КМШда арабча билген адамдар жок. Куранды окушат бирок маанисин билишпейт. КМШнын орток тили орус тили болгондуктан элге кеңири жетсин деп атайын чечмелеп, которуп чыгууну 90-жылдарда эле баштаганбыз», — дейт ал.

Анын айтымында, ССРБде «кайра курууга» чейин курандын эки эле котормосу болгон.

«Бири ката которулган, экинчиси түшүнүксүз эле. Котормону өзүмдүн орус улутундагы келинчегим жасады. Мен редакция иштерин бүтүрдүм. Азыр бүт дүйнө ислам динин терроризмдин дини катарында көрүшүүдө. Биздин максат — мындай маалыматтарды төгүнгө чыгаруу. Курандын түшүндүрмөсүн, ислам тынчтыктын дини экенин билип алышы үчүн бул китептерди таратып жатабыз», — деп билдирди.

Бөлүшүү