«Калем жана ыйман» долбоорунун алкагында  “Ыйман” фонду Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңеши менен биргеликте чыгарган «Туура жолдун туусу — имам Матуриди» жана “Пайгамбарыбыз — тынчтыктын жарчысы» китептеринин бет ачары болду.

Президенттик аппараттын алдындагы этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Зайырбек Эргешов, улуу муун атеисттик көз карашта чоңоюшканын айтты.

“Эгемендүүлүк менен бирге диний эркиндик келгенде адамдарда изденүү пайда болуп, араб тилинде жазылган нерсенин бардыгы дин катары кабыл алына баштаган. Дин жөнүндө маалыатты ар кандай таратылган баракчалардан, эл оозунан, технологиянын өнүгүшү менен интернеттен ала башташты. Диний маалыматтар туура булактан болбогондуктан, ар кандай агымдар кошо жайылып эл арасында радикализм жана экстремизм күчөй баштады. Буга байланыштуу 2014-2020-жылдарга Кыргыз республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясына ылайык көптөгөн иштер жасалып жатат, бул китептердин чыгарылышы алардын бири»,-  деди ал.

“Ыйман” фондунун маалыматы боюнча, чыгарылган китептер 2014-2020-жылдарга Кыргыз республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясына ылайык коомчулуктун диний сабаттуулугун жогорулатуу, экстремисттик жана радикалдык агымдардын таратылышына каршы туруу максатын көздөйт.

Бөлүшүү