АКШнын Орландо шаарында болуп өткөн терактты өлкө башчысы адамгерчиликсиз деп атады.

Алмазбек Атамбаев террористтик актыларга орун болбошу керектигин жана алар негизсиз уюштурулганын белгиледи. Каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жарадар болгондор тезирээк айыгып кетишин тиледи.

АКШнын Флорида штатындагы Орландо шаарында бир жаран 12-июнда куткаруучу кызматына чалып, «Ислам мамлекети» террордук тобуна жан тарта турганын жана ага ант бергенин билдирип, кумсалардын клубуна кирип туш келди атып баштаган.

washingtonpost.com жазгандай, бул терактта 50 адам курман болуп, 53 киши жаракат алган. Ал эми бул кылмышка шектүү деп Омар Матин белгилүү болду. Полицияга ИШИМдин адамы экенин чалып айткан Омар 30 кишини барымтага алган. 10 чакты полисмен менен 3 саат атышуудан кийин Омар каза тапкан.

Бөлүшүү