Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-декабрда  Индия Республикасына мамлекеттик визитинин алкагында кыргыз-индия бизнес-форумуна катышты.

Мамлекет башчысы чын пейилден жылуу кабыл алганы үчүн индиялык тарапка ыраазылык билдирди.

Президент ишкерлер туш болуп жаткан кыйынчылыктар менен проблемаларды жакшы билерин айтты.

 «Менин саясатта жүргөнүмө көп болду, эки жолу премьер-министр болгом, оппозицияда жүрдүм. Бирок саясий карьерам мен бизнесмен кезимден башталган. Өлкөбүз көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин Кыргызстанда алгачкы жеке бизнес ачкандардан болчумун. Мен ишкерлердин башына келчү кыйынчылыктардын баарын көрдүм», — деди Мамлекет башчысы.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө бизнести өнүктүрүү үчүн бардык шарттарды түзүүнү көптөн бери максат койгонун белгиледи.

«Мен Кыргызстанда бизнесмендерди кайра-кайра текшерип, пара талап кылбастан,  аларга өлкөнү багып жаткан адамдар катары мамиле жасалган маанайды жаратууга ар дайым умтулуп келгем», — деди ал.

Алмазбек Атамбаевдин айтымында, чет жердик жана атамекендик басма сөздө Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду Президенттин ыйгарым укуктарын узартуу үчүн өткөрүп жатат деп жазышты.

«Эгер мен ошону кааласам, анда Кыргызстанда Президент сан жеткис шайлангыдай кылууга жетишмекмин. Гэллап институтунун маалыматы боюнча, Президентти калктын 80 % колдойт. Бирок ага карбастан, мен Кыргызстанда жана Борбор Азияда Президенттин ыйгарым укуктарын тынч жол менен өткөрүп берүү мисалын жараткым келди», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президенттин ою боюнча, өлкөдө бизнес бийликте ким турбасын, анын көзүн кароого тийиш эмес. Ал ошондой эле укук коргоо органдарынын реформасы тууралу сөз кылып, ишкерлерди бир гана салык кызматы текшере турганын белгиледи.

«Менимче, биз региондо бизнес эң мыкты корголгон өлкө болобуз. Бизнес Европадагыдай корголушун тилек кылар элем», — деген Алмазбек Атамбаев быйыл биринчи жолу чакан жана орто бизнеске жылына 4-5 % менен 10 млрд сом бөлүнгөнүн кошумчалады. Кыргызстанда бизнести колдоо фондун түзүү боюнча дагы бир мамлекет менен келишим бар экенин президент белгилей кетти.

Мамлекет башчысынын сөзү боюнча, ЕАЭБ жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн көп миллиондуу рыногуна ачкыч Кыргызстандын колунда турат. Ал индиялык ишкерлерди Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды. Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министрлиги менен президенттин аппаратына Индия жарандарынын виза алуу жол-жоболорун жеӊилдетүү мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды.

Бөлүшүү