Президент Алмазбек Атамбаев “Курманжан Датка” ордени жөнүндө жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, “Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө” мыйзамдын 8-статьясын жетекчиликке алып, токтом кылынат.

“Курманжан Датка” орденинин статуту, сүрөтү жана сыпатталышы 1-3-тиркемелерге ылайык бекитилсин.

Өкмөт ушул жарлыкты ишке ашыруу менен байланышкан уюштуруу-финансылык маселелерди чечсин.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Курманжан Датка” ордени менен коомдук-саясий иште өзгөчө көрүнүктүү сиңирген эмгеги жана эмгектеги жетишкендиктери, мамлекетти коргоого жана чыңдоого, элдин биримдигине, Кыргызстан элинин каада-салттарын чыңдоого, өсүп келе жаткан муунду өз Мекенин сүйүү жана урматтоо духунда тарбиялоого кошкон салымы үчүн жарандар сыйланат.

“Курманжан Датка” ордени менен чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар сыйланышы мүмкүн.

“Курманжан Датка” ордени көкүрөктүн сол жагына “Манас” орденинен кийин тагылат.

 

Бөлүшүү